Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шигеки Маеданы кабыл алды

2840

2020-жылдын 2-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шигеки Маеданы кабыл алды.

Министр Р.Казакбаев жапон тарапка Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк алгандан бери, анын ичинде "Бир айыл-бир продукт" долбоорун ишке ашырууда JICA аркылуу көрсөтүлгөн ар тараптуу каржылык жана техникалык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы ошондой эле Япония тараптын Кыргыз Республикасындагы демократиялаштыруу процесстерин туруктуу колдоп келе жаткандыгын жана ушул жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын парламенттик шайлоосуна 4 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүү менен шайлоонун ачык-айкындуулугун жогорулатууну белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Р.Казакбаев Япониянын элчисине Кыргыз Республикасындагы учурдагы ички саясий кырдаал, саясий процесстердин конституциялык талаага кайтып келиши, өлкөнүн социалдык-экономикалык секторун жаңыртууга жана андан ары активдештирүүгө артыкчылыктуу көңүл бурган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин түзүлүшү жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Япониянын элчиси Шигеки Маэда жапон тарап Кыргызстандагы болуп жаткан саясий процесстерди кылдаттык менен байкап жаткандыгын белгиледи. Ал коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган долбоорлор жакынкы аралыкта кайрадан улантыларын жарыялады.

Тараптар ошондой эле кыргыз-жапон мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты, инвестициялык кызматташуу жаатында эки тараптуу практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK