КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин Соода-өнөр жай палатасынын Төрагасынын орун басары Мухаммед Абдулжаббар Аль-Кухейджи менен жолугушту

1486

2022-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Манама шаарында Бахрейн Падышалыгынын Соода-өнөр жай палатасынын Төрагасынын орун басары Мухаммед Абдулжаббар Аль-Кухейджи менен жолугушуу өткөрүп, ага Бахрейндин Соода-өнөр жай палатасынын директорлор Кеңешинин мүчөлөрү жана Башкы аткаруучу директору катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун ар кандай маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, тараптар жер казынасын пайдалануу, энергетика, айыл чарба, туризм жана Бахрейнге ата мекендик өндүрүштөрдү экспорттоо жаатында биргелешкен иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Эки өлкөнүн географиялык жактан жайгашуусун эске алуу менен соода-экономикалык байланыштарды арттыруу үчүн, транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуу зарылдыгы белгиленди.

Өз кезегинде Министр Ж.Кулубаев, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү жана ар кандай иш-чараларды уюштуруу максатында, кыргыз-бахрейн ишкерлер Кеңешин түзүүнү сунуштады. Бахрейндик тарап бул демилгени колдоп, тараптар бул багыттагы иштерди улантууну макулдашышты.

Ошондой эле жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында, Бахрейндин Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестициялык агенттиги менен байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүн жакындатууга жана Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы өз ара кызматташуу үчүн болгон потенциалды жана мүмкүнчүлүктөрдү ачууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK