Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркмөнстандын шайланган президенти Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

1411

Бүгүн, 2022-жылдын 15-мартындаа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын учурдагы Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркмөнстандын шайланган Президенти Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Түркмөнстандын азыркы президенти менен баарлашууда Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду ушул жылдын 12-мартында өткөн президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жеке көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Гурбангулы Бердымухамедов менен парламенттин жогорку палатасынын төрагасы катары конструктивдүү байланыштарды улантууга даяр экени айтылды.

Тараптар аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду президенттик шайлоодогу эч кандай шартсыз жеңиши менен куттуктап, мамлекеттик жогорку кызматта чоң ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Садыр Жапаров Түркмөнстандын шайланган президенти Сердар Бердымухамедовду 2022-жылдын 21-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүчү Борбордук Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK