Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга расмий сапары болду

1216

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү расмий сапар менен Түркмөнстанда болду.

Расмий иш сапарынын биринчи күнүндө мамлекет башчы өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун мавзолейине жана «Түркмөнбашынын Рухы Меджиди» мечитине барды.

Андан соң Садыр Жапаров Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп, Ардактуу меймандар аллеясына көчөт отургузду.

Ошону менен бирге президент түркмөн экспорттук товарларынын көргөзмөсүн көрүп, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылышына катышты, анын алкагында Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.

Президент Садыр Жапаров расмий сапарынын экинчи күнүндө Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун учурдагы багыттарын жана келечегин өз ара жана кеңейтилген форматта талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Мындан тышкары, эки өлкөнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү кыргыз-түркмөн кызматташтыгын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана башка тармактарда өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK