Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга расмий сапарын ийгиликтүү болду деп баалады

1597

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга расмий сапарын ийгиликтүү болду деп баалайт.

Анын айтымында, мамлекет башчынын расмий сапарынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген курамда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө мүмкүн болду. Жалпысынан иш сапар ийгиликтүү өттү.

«Кыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык өнөктөш жана бир тууган элдер. Биз ошондой эле БУУнун, ЕККУнун, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин, КМШнын жана башка көп тараптуу платформалардын алкагында активдүү кызматташып, ишенимдүү өнөктөшпүз», - деди министр.

Руслан Казакбаевдин айтымында, бир күн мурун бизнес-форум өтүп, анын жыйынтыгында эки мамлекеттин мамлекеттик жана жеке компанияларынын ортосунда 15 келишимге кол коюлган. Ошондой эле түрдүү тармактарда 15 эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлган. Тактап айтканда, айыл чарба, маданият, спорт, соода-экономикалык мамилелер, өнөр жай кооперациясы ж.б.

Ал белгилегендей, уставдык капиталы 100 миллион АКШ долларын түзгөн Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишим бар, бул үчүн түркмөн тарапка ыраазычылык билдирүү зарыл. Учурда КР Экономика жана каржы министрлиги келишимдин текстинин үстүндө иштөөнү баштады. Ошол эле учурда келечекте кыргыз-түркмөн мектептерин куруу маселеси мурда талкууланган.

Министр сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык коопсуздук маселелери да талкууланганын - булар заманбап чакырыктардын жана коркунучтардын маселелери экенин баса белгиледи. Алар Ооганстандагы кырдаалды, баңги аткезчилигине жана эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөштү талкуулашты.

Руслан Казакбаев энергетика тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланганын кошумчалады. Коңшу республикалардын аймактары аркылуу Кыргызстанга жаратылыш газын жана электр энергиясын өлкө үчүн жеткиликтүү баада жеткирүү боюнча алдын ала макулдашуу бар. Бардык маселелер жана макулдашуулар эки өлкөнүн достук жана бир туугандык мамилелерине ылайык келгендигин белгилей кетүү маанилүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK