ШКУ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына чет өлкөлүк ЖМКлардын өкүлдөрүн аккредиттөөнүн башталышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык билдирүүсү

7271

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан 2019-жылдын 13-14-июнунда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын чагылдырууга катыша турган чет өлкөлүк журналисттерди аккредиттөө иши башталды. Жыйынды чагылдырууну каалаган чет өлкөлүк ЖМКлардын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин press@mfa.gov.kg электрондук почтасына «Summit2019» белгиси менен төмөндө аталган керектүү документтердин тизмесин жиберүү зарыл.

Тизме:

  • Журналистти аккредиттөөгө кызыкдар ЖМКнын жетекчилигинин жазуу түрүндөгү билдирмеси;
  • Толтурулган анкетанын формасы (Анкета);
  • Паспорттун сканерленген көчүрмөсү;
  • Журналист күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • Электрондук түрдөгү 3*4 сүрөт;
  • толтурулган таблица (Таблица).

Аталган документтердин топтомун 2019-жылдын 30-майына чейин жиберүү зарыл. Бул мөөнөттөн кийин алынган билдирмелер кабыл алынбайт.

Билдирмени жиберүү автоматтык түрдө аккредиттөөнү алгандыгын билдирбейт. Кайрылууларды кароонун жыйынтыктары боюнча Министрлик журналисттерди аккредиттөө же аккредиттөөдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аккредиттөө тууралуу тастыктоосун алгандан кийин журналист аккредиттелген болуп саналат жана жогоруда аталган иш-чараны чагылдырууга катыша алат.

Чет өлкөлүк журналисттерди аккредиттөө тууралуу кошумча суроолор боюнча +996312626559 телефону аркылуу байланышса болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK