Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы жана Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоого карата иш-чара өттү

102

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын жана Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоого карата Кыргыз Республикасынын жарандары жана Түркмөнстанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи А.Мадмаров жолугушуунун катышуучуларына Конституциянын тарыхый мааниси, анын ролу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдык юбилейин майрамдоого байланыштуу өлкөдө өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Өлкөдө демократиялык реформалар ишке ашырылып жаткандыгы, негизги мыйзам менен кепилденген адам укуктары менен эркиндиктерин колдоо жана ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр тартылгандыгы баса белгиленди.

Жолугушуунун катышуучуларына быйыл дүйнөгө белгилүү жазуучу, залкар мекендешибиз Ч.Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленип жаткандыгы, ошондой эле юбилейлик датага арналган иш – чаралар тууралуу маалымат берилди.

2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жана бул стратегиялык документтин принциптери жана максаттары тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча суроолоруна толук жооптор берилди, ошондой эле Кыргызстандын жарандарына сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр жана маалымат берилди. Түркмөнстандын этникалык кыргыздарына «Мекен-карт» АИС аркылуу мекендеш статусун алуу үчүн документтерди кабыл алуу жана тариздөө тартиби тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле Элчиликте Ч.Т. Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган "Айтматов жүздөрүндө" аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

 

  • Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы жана Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоого карата иш-чара өттү
  • Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы жана Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгын майрамдоого карата иш-чара өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK