Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинде Түркмөнстандын туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

78

25-апрелде Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүүнүн жана Кыргыз Республикасы жөнүндө маалыматты Түркмөнстанда жайылтуунун алкагында Элчиликтин имаратында Түркмөнстандын туризм индустриясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын маданий-тарыхый эстеликтери, кооз жерлери, популярдуу туристтик маршруттары жана өлкөнүн ар бир аймагынын туристтик потенциалы тууралуу презентация жасалды. Өзгөчө мультиактивдүү жана кышкы турлар, альпинизм жана ишкер туризм белгиленди. Ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу видеоматериалдар, имидждик видеотасмалар көрсөтүлүп, брошюралар жана буклеттер түрүндөгү басылма материалдар тартууланды.

Бул иш-чарага «Soltan Dag», «Suwara», «Jahankeshde», «Оguzabat», «Saadaа», «Halkara dostluk, «Yola Rowana», «Ashgabat Syyahat», «Asman Daglary»,  «Dan Semaly», «Archman Daglary», «Halkara Syyahat» и «Ozuz Travel» сыяктуу чарбалык ишканалардын жана жеке ишканалардын жетекчилери жана менеджерлери катышты.

Түркмөнстандын туристтик компанияларынын өкүлдөрү кыргыз багытына кызыкдар экендигин билдирип, Элчилик менен үзгүлтүксүз байланышта болуу ниеттерин ырасташты.

 

  • Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинде Түркмөнстандын туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
  • Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинде Түркмөнстандын туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK