Элчи А.Мадмаров Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун Төрагасы Н.Атагулыев менен жолугушту

134

Ү.ж. 24-октябрында Кыргыз  Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун (ТƟИС) жакында дайындалган Төрагасы Нокергулы Атагулыев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар болгон потенциалды колдонуу менен эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу маселелерин, ошондой эле бизнес чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгын талкуулашты.

Элчи А.Мадмаров маектешинин көңүлүн биргелешкен инвестициялык долбоорлор жана аларды ишке ашыруу боюнча тараптардын макулдашууларына бурду, ошондой эле жакын арада боло турган «Кыргызстан ЭКСПО-2023» Эл аралык универсалдуу көргөзмөсү тууралуу маалымат берип, түркмөн тарапты ага катышууга чакырды. Ошону менен бирге Элчи товардык номенклатураны жана эки тараптуу  өз ара аракеттенүүнүн форматын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Н.Атагулыев биргелешкен ишти активдештирүүгө кызыкдар экенин ырастап, Элчиге Союздун ишмердүүлүгүнүн багыттары жана Түркмөнстандын ишкерлери тарабынан ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор ошондой эле ТƟИСтин пландары жана иш-чаралары, анын ичинде 2024-жылдын март айына Ашхабад шаарында өткөрүүгө пландаштырылган эл аралык бизнес-форум тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ТƟИС жетекчиси эки өлкөнүн ишкеркерлеринин ортосундагы  байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө даярдыгын жана буга ар тараптуу салым кошуу ниетин билдирди.

Тараптар экономикалык чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүү ниетин ырастап, үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK