Кыргызстандын Түркмөнстандагы Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары Сердар Мухамметдурдыев менен жолугушту

131

2024-ж. 12-январда Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары Сердар Мухамметдурдыев менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилеп, ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү менен катар кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары илгерилетүүгө жана тереңдетүүгө түрткү бере турган турган эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу  маселелери талкууланды.

Экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү максатында тараптар ошондой эле Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын маанилүү ролун жана бул комиссиянын кезектеги Алтынчы жыйынын өткөрүүнүн жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун баса белгилешти.

Муну менен катар энергетика, транспорт-логистика тармагында жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана үзгүлтүксүз байланыштарды сактоого умтула тургандыгын ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK