Кыргызстандын Түркмөнстандагы Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Энергетика министри Аннагелди Сапаров менен жолугушту

155

25-январда Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Энергетика министри, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын түркмөн бөлүгүнүн Төрагасы Аннагелди Сапаров менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн мамилелеринин өнүгүүсүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилеп, ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошону менен бирге энергетика тармагындагы мамлекеттер аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү максатында тараптар Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын маанилүү ролун жана бул комиссиянын кезектеги Алтынчы жыйынын өткөрүүнүн жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга умтула тургандыгын ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK