ЕККУнун Башкы катчысы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айлана-чөйрөнү коргоо министрлеринин жолугушуусу болду

123

2024-жылдын 4-мартында Ашхабадда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Башкы катчысы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айлана-чөйрөнү коргоо министрлеринин жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин көмөгү менен өткөн жолугушууга КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаев катышты.

Жогорку деңгээлдеги жолугушууда курчап турган чөйрөнү коргоо, аймактагы экологиялык коопсуздук, суу жана айыл чарба көйгөйлөрү, жашыл экономикага өтүү жана башка маселелер талкууланды. Муну менен катар климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча координацияланган чараларды иштеп чыгуу, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана башка маселелер да каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK