Түркмөнстандан 2000 тонна суюлтулган газ түрүндөгү гуманитардык жардамдын келиши жөнүндө

117

2024-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Шопоков темир жол станциясына Түркмөнстандан 2000 тонна суюлтулган газ (57 вагон-цистерна) түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Аталган жардам Бишкек шаарындагы ТЭЦтеги аварияга байланыштуу түркмөн тарабынан жиберилген.

Гуманитардык жардам КР Энергетика министрлигинин, КР Тышкы иштер министрлигинин, «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасынын, «НК Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган. Бул тапшыруу аземине Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Н.Голиев да катышты.

Белгилей кетсек, бул жардам Түркмөнстандын Президенти С.Г.Бердымухамедовдун тапшырмасы менен жана КР Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаевдин Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Р.О Мередов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келген.

  • Түркмөнстандан 2000 тонна суюлтулган газ түрүндөгү гуманитардык жардамдын келиши жөнүндө

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK