Кыргызстандын делегациясы Ашхабад шаарында өткөн "Түркмөнстанда туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү" аттуу эл аралык конференцияга катышты

91

 

2024-жылдын 27-28-мартында Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандын делегациясы Ашхабад шаарында өткөн "Түркмөнстанда туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү" аттуу эл аралык конференцияга катышты. Конференцияга Дүйнөлүк туристтик уюмдун, Экономикалык кызматташтык уюмунун, Дүйнөлүк туристтик шаарлар Федерациясынын, ошондой эле туркомпаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Аталган форумга кыргыз делегациясынын катышуусунун алкагында Элчиликте Кыргызстан менен Түркмөнстандын туристтик индустриясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу уюштурулуп, анын жүрүшүндө 17 түркмөн компаниясына Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы тууралуу маалымат берилди. Кыргызстандын туристтик компанияларынын өкүлдөрү презентация жасап, өлкөдөгү туризмдин негизги багыттары тууралуу маалымат менен бөлүшүштү. Ошондой эле, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеоматериалдар көрсөтүлүп, брошюралар жана буклеттер түрүндө басылма материалдар тартууланды.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында кызматташуу боюнча 8 келишимге кол коюлуп, Кыргызстанга инфотур уюштуруу пландары белгиленди.

 

  • Кыргызстандын делегациясы Ашхабад шаарында өткөн

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK