Саясий кызматташтык

Саясий кызматташтык 

Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын дипломатиялык мамилелери 1992-жылы орнотулган. 1997-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Элчилиги Лондондо ачылат.

Саясий кызматташтык.

Кыргыз-британдык кызматташтыктын саясий чөйрөдө жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар, өзгөчө парламенттер аралык өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүү багытында. 

Иш-сапарлардын кыскача хронологиясы:

1995-ж. май – Президент А.Акаевдин “Европадагы Жеңиш Күнүнүн” 50 жылдыгын майрамдоого катышуусунун алкагында Лондонго иш сапары.

 

1998-ж. май – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Жумагуловдун Лондонго иш сапары.

 

1996-ж. ноябрь – Уэльс принци Чарлздын Кыргыз Республикасына иш сапары.

 

2006-ж. январь – Афганистан боюнча эл аралык конференцияга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри А.Жекшенкуловдун Лондонго иш сапары.

 

2006-ж. июль-Консервативдик партиядан депутаты Т.Болдринин Кыргыз Республикасына иш сапары.

2012-ж.16-19-майы - Европалык Реконструкциялоо жана Өнүгүү Банкынын (ЕРӨБ) Башкаруучулар Кеңешинин жыл сайын өтүүчү жыйынына катышуу алкагындагы КРнын Вице-премьер-министри Ж.Оторбаевдин Лондонго иш сапары.

2012-ж. 26-28 июлу - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабанов Лондондо өтүүчү Олимпиадалык оюндарга катышуу алкагындагы иш сапары.

2013-ж. 13-июну Бишкектеги Улуу Британиянын Элчилигинин расмий ачылышы алкагында Улуу Британиянын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары баронесса С.Варсинин КРна иш сапары.

2013-ж. 31-август – 6-сентябры - USAID/DFID программасынын колдоосу менен КРнын ЖКнин Тышкы иштер боюнча Комитетинин төрагасы К.Иманалиев жетектеген делегациясынын Улуу Британияга иш сапары.

2014-ж. 22-26-марты - Улуу Британиянын Парламентинин мүчөлөрү Дж.Манн жана Э.Розинделдин (УБнын жана КРсынын парламенттик достук тобу) КРсына иш сапары.

2014-ж. 9-10-октябры - Улуу Британиянын Мамлекеттик юстиция министри лорд Э.Фолкстун КРсына иш сапары.

2015-ж. 27-29-октябры – Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия Департаментинин директору С.Свинфорддун КРсына иш сапары.

2016-ж. 17-20-февралы – Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министри (DFID) Д.Свейндин КРсына иш сапары.

2016-ж. 17-22-марты – Улуу Британиянын Парламентинин Лорддор Палатасынын көз карандысыз мүчөсү баронесса В.Стерн жана Лондон Университетинин  профессору, кылмыш-жаза маселелери боюнча эл аралык эксперт И.Койлдун КРсына иш сапары.

2016-ж. 21-25-марты жана 8-14-апрели – Улуу Британияга КРсынын Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басары, КРсынын жана УБнын парламенттик достук тобунун кыргыз тарабындагы башчысы жана ушул топтун мүчөлөрүнөн турган Жогорку Кеңештин депутаттар делегациясынын, «Вестминстердик демократия үчүн фонду»  тарабынан уюштурулган иш сапары.

2016-ж. 19-23-июлу - Европалык Реконструкциялоо жана Өнүгүү Банкы (ЕРӨБ) фондунун өлкө-катышуучуларынын жана донорлор Ассамблеясына катышуу үчүн КРнын ЖКнин Тышкы Эл аралык иштер, Коргоо жана Коопсуздук боюнча Комитетинин Төрагасы А.Баатырбеков, КРсынын Өзгөчө Кырдаалдар министри К.Боронов жана КРсынын Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнүн Улуу Британияга иш сапары.

2016-ж. июлу - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы штабынын эки өкүлү «Талаа бүркүтү – 2016» Тынчтык командалык-штабдык машыгууга катышышы (СТАНТА, Сетфорд).

2016-ж. 18-19-августу - Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбордук Азия Департаментинин директору Майкл Тэтэмдин КРсына иш сапары.

2016-ж. сентябры - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев жана Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Б.Джонсондун Потсдам шаарында ЕККУнун министрлеринин бейрасмий жыйынынын алкагында жолугушуусу.

2017-ж. 6-13-марты – КРсынын Өкмөт Аппаратынын жетекчиси A.Осмоналиев баштаган КРнын Өкмөт Аппаратындагы бөлүм башчылары жана эксперттери, ошондой эле КРсынын Экономика министрлигинин өкөлдөр курамындагы делегациясынын Лондонго иш сапары.

2017-ж. 19-26-марты - Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын орун басары M.Мукамбетов менен КРнын Өкмөт Аппаратындагы ар кандай бөлүмдөрүнүн адистеринин Лондонго иш сапары. 

2018-ж. 5-9 февралы -  КРнын Өкмөт Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары М.Мукамбетов баш болгон КРнын Өкмөт Аппаратынын  өкөлдөрүнүн Лондондо иш сапары менен, УБнын Эл аралык Өнүгүү министерствосунун кыргыз өкмөтүнүн потенциалын чыңдоо программасынын алкагында британ өкмөтүнүн, парламентинин түзүлүшү жана ишмердүүлүгү, ошондой эле жалпы УБдагы мамлекеттик кызмат системасы тууралуу маалымат жана тажрыйба алышы.

2018-ж. 4-9-марты - Британиялык «Вестминстердик демократия үчүн фондусу» (WFD) аркылуу КРнын ЖКнин депутаттар тобунун Лондонго иш сапары.

2018-ж. 22-27-июлу - КРнын Эмгек жана Социалдык Өнүгүү министри Т.Исакунова Улуу Британияда иш сапары менен болуп, Лондондогу Майыптар боюнча Биринчи Глобалдык саммитке катышышы. 

2018-ж. 26-июлу- 1-августу  - Лондондо Эл аралык Түрмө Реформасы уюмунун (Penal Reform International) Регионалдык өкүлчүлүгүнүн Борбордук Азиядагы түрмөлөр реформасы боюнча долбоорунун алкагында КРнын ИИМнин орун басары, генерал-майор К.Асанов жана КРнын ЖКнин депутаты, КРнын ЖКнин экономика жана фискалдык комитетинин мүчөсү Э.Сурабалдиева, жана КРнын ИИМнин, жараандык уюмдардын өкүлдөрүнүн иш сапары.

2022-ж. 2-6-июлу - ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Жайкы сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар делегациясынын Бирмингем шаарына иш сапары.

 

2022-ж. 6-9-июлу-ЕРӨБ менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын МК төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиевдин жумушчу сапары.

 

2022-ж. 6-10-декабры - Кыргыз Республикасынын МК төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун Улуу Британияга жумушчу сапары.

 

2023-ж. марты – Кыргыз Республикасынын делегациясын жетектеген Президенттик Аппараттын бөлүм башчысы А.Джунушалиевдин (КР делегация курамында Энергетика министри, Каржы министри, Экономика министри) Улуу Британияга жумушчу сапары.

 

2023-ж. 5-10-майы – Кыргыз Республикасынын МК төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун Король Карл III Таажы аземине катышуу үчүн Улуу Британияга жумушчу сапары.

 

2023-ж. 18-19-майы – Британ Парламентинин Эл аралык иштер боюнча Комитетинин  Төрагасы Алисия Кернс жетектеген делегациясынын Кыргыз Республикасына иш сапары.

 

2023-ж. 4-5-июну- УБ Тышкы Иштер министринин орун басары Лео Докертинин Кыргыз Республикасына иш сапары.

 

2023-ж. июнь - Кыргыз Республикасынын Бишкек Шаардык Кеңешинин төрагасы К.Конгантиевдин Улуу Британияга жумушчу сапары.

 

2023-ж. 22-26-октябры-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Вице-спикери Н.Азыгалиевдин Улуу Британияга жумушчу сапары.

 

2023-ж. 25–29-ноябры-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун Улуу Британияга жумушчу сапары.

 

2023-ж. декабры - Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурорунун  биринчи орун басары  У.Т.Султановдун Улуу Британияга иш сапары .

 

2024-ж. январы - Кыргыз Республикасынын МК төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун Улуу Британияга жумушчу сапары.

 

2024-ж. 4-7-марты – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Шакиевдин Улуу Британияга биринчи расмий сапары.

 

2024-ж. 4-7-апрели – Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А.Баетовдун Улуу Британияга  иш сапары.

 

2024-ж. 22-23-апрели – Улуу Британиянын Тышкы Иштер министри Д.Кэмерондун Кыргыз Республикасына биринчи расмий сапары.