Өлкө тууралуу маалымат

Өлкөнүн толук расмий аталышы - Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу (УБ)

Аянты - 242,495 миң. кв.км.

Калкы - 67,9 млн. адам (2021-ж.карата). Англия (84%), Уэльс (4,8%), Шотландия (8,3 %) жана Түндүк Ирландия (2,9%).

Этникалык курамы  - англистер (76%), шотландыктар (5,8%), ирландыктар (1,9%), валлийликтер (3,1%), индиялыктар (2,3 %), пакистандыктар (1,8%), поляктар (0,9%), бангладештиктер (0,7%), кытайлыктар (0,5%), арабдар (0,4%), КМШ өлкөлөрүнөн келгендер (0,3%), ирандыктар (0,1%), башка улуттар (6,1%).

Борбор шаары - Лондон (чет жактары менен – 10.3 млн. адам). Ири шаарлары: Манчестер (2,553,379 адам), Бирмингем (1,074 млн.адам), Лидс (751,5 миң.адам), Глазго (598,8 миң.адам).

Административдик-территориалдык бөлүнүшү - Англия – 9 регион, 48 церемониалдык графствосу, 83 борборду жана борбордук эмес графстволор, 326 округу, болжолу менен 4500 жарандык округ; Уэльс – 22 негизги район (алардын ичинен 11-и графство статусуна ээ, 11 – графстволук округдар), 6 шаары; Түндүк Ирландия – 26 округ, 2 шаары; Шотландия – 32 муниципалдык облус. Өз алдынча административдик-территориялык бирдик болуп Мэн аралы, Гернси жана Джерси аралдары болуп эсептелет.

Улуттук майрамы – Королеванын туулган куну. Майрамдын так куну жылыга Өкмөттүн чечими менен аныкталат: адатынча, июн аыйынын биринчи жарымынынын ишенби күндорүнүн бири.

Мамлекеттик тили - англис. Башка тилдер – валлий (болжолу менен Уэльс калкынын 26%зы), шотланд, кельт (болжолу менен Шотландиядагы 60 миң.адам).

Мамлекеттик дини – англикандык чиркөө (27 млн. адам) Англияда жана Уэльсде (чиркөөнун башчысы – монарх (падыша), пресвитериандык Шотландияда (бшаында – Генералдык ассамблея, анын ичине  диний кызматкерлери жана жөнөкөй жарандар киришет), римдик-католикалык – 9 млн. адам, мусулмандар – 1,6 млн. адам.

1931-ж. тартып Бириккен Королдугунун айланасында Шериктештик түзүлдү (Commonwealth), анын ичине УБ менен тарыхый байланышы болгон 54 көз карандысыз мамлекет кирет. Лондондун көзөмөлү алдында 15 «дениздик территориялар»  калууда – алар, негизинен, чон эмес, калкы болжолу менен 190 миң.адамга чейин жеткен аралдар.

Улуу Британия  – Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кенешинин туруктуу мүчөсү; Европадагы коопсуздук жана кызматташттык Уюумунун, жана Европа Кенешинин катышуучусуу; Тундук-Атланттык Келишими Уюумуна кирет, “сегиздиктин” мүчөсү, Бүткүл Дүйнолүк Соода Уюмуна, Экономикалык кызматташттык жана онүгүү Уюмуна, жана “20 Тобуна” кирет.

Мамлекеттик түзүлүшү - парламенттик монархия.

Уулу Британиянын королу - Чарльз III (2022-ж. 8-сентябрынан тартып).

Парламент мыйзам чыгаруучу орган болуп эсептелип, Лорддордун Палатасы (766 мүчо) жана Жамааттардын Палатасынан турат (650 депутаттан турган шайлануучу орган, беш жыл мөөнөтүнө шайланышат). 2019-ж. 12-декабрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгында, Жамааттардын Палатасындагы орундар төмөндөгудөй бөлүндү: консерваторлор – 365, лейбористтер – 203, либерал-демократтар – 11, Шотландык улуттук партия – 48,  Демократиялык юниондук партиясы – 8, башка партиялар – 15 орунга ээ болушту.

Өкмөт, адатынча, шайлоонун жыйынтыгында Жамааттар Палатасында көбүнчө орунду женип алган, же депуттардын копчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгон партиянын лидери тарабынан куралат; министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн, министрлер кабинетине кирбеген министрлерден, жана кичи министрлерден турат (жалпысынан, болжолу менен 100 адам).

Премьер-министр – Риши Сунак (туулган жылы - 12.05.1980 ж.), бул кызматта 25.10.2022-ж. бери; Тышкы иштер министри – Джеймс Клеверли, бул кызматта 06.09.2022-ж.бери

Укук системасы – римдик жана азыркы учурдагы Европалык укуктун элементтери кошулган прецеденттик укук.

Сот бийлиги – Жогорку сот (2009-ж чейин мурунку Лорддор Палатасынын Сот Коллегиясы); Англиянын жана Уэльсдин жогорку соттору, ошондой эле Түндүк Ирландиянын, жана Шотланддык сессиялык соттору.

Негизги саясий партиялары. Консервативдик партия. Консервативдик партиясы 1867-ж.уюшулган. Болжолу менен 200 мин. мүчөдөн турат. Партиянын лидери – Борис Джонсон.

Лейбористтик партия – негизги оппозициялык партия. 1890-ж. түзүлгөн. Болжолу менен 552 миң. мүчөдөн турат.

Либералдык-демократиялык партия, 1988-ж. либералдык жана социал-демократиялык партиялардын кошулуусунун негизинде уюшулган.

Шотландык улуттук партиясы – левоцентристтик саясий партия, Шотландиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшөт. 1934-ж. Шотландык улуттук партиясы менен Шотландык партиясынын кошулуусунун негизинде түзүлгөн. Болжолу менен 103 мин. мүчөдөн турат.

Улуу Британиянын көз карандысыздыгы партиясы – саясий партия, УБнын ЕУнун мүчөлүгүнөн чыгуусун талап кылат, консервативдик жана популисттик көз карашта. 1993-ж. түзүлгөн. Болжолу менен 39 мин. мүчөдөн турат.

“Жашылдардын” Партиясы – Англияда жана Уэльсде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн саясий партия. 1990-ж.

Демократиялык юниондук партиясы – саясий партия, штаб-квартирасы Белфаст шаарында. 1971-ж. уюушулган.

«Альянс» партиясы – британдык либералдык саясий партия, штаб-квартирасы Белфаст шаарында, юнионизм, ошондой эле ирландиялык улутчулдук идеологиясынан алыс. 1970-ж. түзүлгөн.

«Шинн Фейн» партиясы – ирландиялык саясий партия, социалисттик көз карашта, жана бирдиктүү ирландия үчүн күрөшөт. 1905-ж. түзүлгөн.

Социал-демократиялык жана лейбористтик партия – Түндүк Ирландияда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн саясий партиясы, ирландиялык улутчулдук жана социал-демократиялык идеяларды колдойт. 1970-ж. түзүлгөн.

Улуттук валюта – англиялык фунт стерлинг.