Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов кызматташуу келечегин талкуулады

1604

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

«Өзбекстан Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн ишенимдүү кошуна, стратегиялык өнөктөш жана бир тууган мамлекет экенин баса белгилегим келет. Биз бир катар багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуудабыз. Өзбекстан Республикасынын жетекчилигине Баткен облусунун Самаркандек жана Маргун айылдарындагы мектептердин курулушу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкция жүргүзүүсү үчүн ыраазычылык билдирем. Бир тууган өзбек тараптын бул чечимдери биздин элдерибиздин ортосундагы достук мамилелерди ачык-айкын тастыктап турат», - деди Акылбек Жапаров. 

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов өз кезегинде жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ал эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөлөр ортосунда өнөр жай кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын, энергетика, транспорт, логистика тармагында олуттуу биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып, ал эми долбоорлорду финансылык жактан колдоо үчүн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишке киргизилгендигин кошумчалады. 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жана энергетика, айыл чарба, транспорт, чектеш соода жүгүртүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар Эркештам – Дароот-Коргон – Үч-Коргон автожолунун, Кызыл-Кыя шаарындагы чектеш соода логистикалык борборунун курулушун, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун конкреттүү аспектилерин талкуулады, бул максатта Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун потенциалын колдонууга болот.

Жолугушуунун катышуучулары соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар жана даяр экендигин белгилешти.

Булак: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK