«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) – 2021-жылдын 11-апрели

3666

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 11-апрелинде, жекшемби күнү "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

Сиздердин шайлоо укуктарыңызды ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасында Элчилигининде - № 9025 УШК шайлоо участогу бекитилди.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Консулдук каттоодо турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар, Элчиликтин дарегине иш күндөрү саат 9:30 – 17:00 чейин добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. 

Ошондой эле, арыз түшкөн учурда шайлоочуну Элчилик убактылуу консулдук каттоого турган жарандын негизинде каттайт. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн мөөнөткө ишке ашырылат. Бул иш чараны 2021-жылдын 27-мартына чейин аткаруу зарыл.

2021-жылдын 16-мартында шайлоочулардын алдын ала тизмеси Тизме порталына (tizme.gov.kg) жана Элчиликтин маалымат стендине жайгаштырылды.

Эгер кандай бир ката, так эместик табылса же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2021-жылдын 27-мартына чейин Элчиликке арыз менен кайрылуусу зарыл.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK