Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги Өзбекстан Республикасынын аймагында убактылуу жана туруктуу жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук каттоого турууга чакырат!

3492

Жеке кайрылуу менен консулдук каттоого туруу үчүн жарандар төмөнкү документтерди көрсөтүүсү керек:

1. формага ылайык толтурулган регистрациялык карта;

Бул жерди басыңыз

2. Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту;

3. бети даана тартылган 3х4см көлөмүндөгү эки түстүү фотосүрөт.

 Ал эми жеке өзү келбестен (дистанттык тартипте) консулдук каттоого туруу үчүн жарандар жогоруда көрсөтүлгөн документтердин баарын сканерден өткөрүп, Элчиликтин расмий электрондук дарегине жөнөтсө болот (kgembassy.uz@gmail.gov.kg).

Кыргыз Республикасынын аймагынан Өзбекстан Республикасына туруктуу жашоо үчүн чыгып кетишкен Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоого туруу үчүн Кыргыз Республикасында "Регистрациялык каттоодон чыгарылды" деген штампы менен даректен чыгуу баракчасын көрсөтөт/жөнөтөт.

Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны жашаган жеринен өз убагында регистрациялык каттоодон чыкпаса, Элчиликке туруктуу жашоо үчүн консулдук каттоого турууга Кыргызстанда жашаган дареги боюнча каттоодон чыгаруу арызы менен кайрылуусу зарыл.

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жараны консулдук каттоого тургандыгы же каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу жалпы жарандык паспортуна мастикалык штамп койдуруу үчүн Элчиликке кайрылууга укуктуу.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK