Маалыматтык билдирүү

3524

Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүнө!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2021-жылдын 9-мартындагы №82 2020-жылдын 19-майындагы №256 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтери менен камсыз кылуу маселелери жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды.

Көрсөтүлгөн токтомго ылайык, 2021-жылдын 1-сентябрына чейин колдонуу мөөнөтү:

1. Жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-августуна чейинки, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары турган же жүргөн жарандар үчүн 2004-жылкы үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору;

2. 16 жашка жете элек Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунан сырткары, жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-августуна чейинки, 2006-жылкы  үлгүсүндөгү жарандын жалпы жарандык паспорту үчүн узартылды.

Ошону менен бирге, жогоруда аталган жарактуулук мөөнөтү узартылган паспорттор менен чет мамлекеттердин мамлекеттик чек арасынан өтүп, Кыргыз Республикасына кирүү (кайтып келүү) жана чыгуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн экендиги аныкталды.

Зарыл болгон учурда, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган паспорттордун жарактуулугун узартуу жөнүндө тиешелүү белгини коюу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигине кайрылышса болот.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK