Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси И.К.Жунусов Египет Араб Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Амира Фахми айым менен жолукту

2423

2021-жылдын 9-июнунда египет тарабынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун Египет Араб Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Амира Фахми айым менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Египет Араб Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) диалог боюнча өнөктөш статусун алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе талкууланды.

Ушуну менен катар, Кыргыз Республикасы менен Египеттин ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Ошону менен бирге Египеттин Тышкы иштер министри С.Шуркинин Кыргызстанга боло турган иш сапары талкууланды.

Тактап айтканда, Египет Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Амира Фахми Египеттин тышкы иштер министри эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин Кыргыз Республикасына иш сапар менен бараарын белгиледи.

  • 2021-жылдын 9-июнунда египет тарабынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун Египет Араб Республикасынын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Амира Фахми айым менен жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK