Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев башында турган делегация Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы саясий жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйынына катышты

2405

2021-жылдын 1-июлунда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев башында турган делегация Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы саясий жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйынына катышты.

Жолугушуунун негизги темалары - аймактагы учурдагы окуялар, коопсуздук жаатында Борбордук Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгы, атап айтканда терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана чек араларды башкаруу. Жыйында климаттын өзгөрүшүнө жана экологиялык көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, Европа Биримдигинин Борбордук Азия үчүн 2021-2027-жылдарга карата аймактык индикативдик программасынын алкагындагы долбоордук иш-аракеттери талкууланды.

Министрдин биринчи орун басары Ниязалиев өз сөзүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларын өнүктүрүүгө багытталган соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка өз ара аракеттенүү түрлөрү региондо туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуунун бекем негизи экендигин белгиледи. Кыргыз тарабы жалпы экологиялык максаттарга жетүү үчүн конструктивдүү жана өз ара пайдалуу аймактык кызматташтыкка, анын ичинде Париж келишимин жана Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун алкагында даяр экендигин билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасы учурдагы жалпы көйгөйлөрдү жана чакырыктарды саясий жана дипломатиялык диалог, талаш-тартыштарды сүйлөшүү столунда чечүү жолу менен жана күч колдонбостон же колдонуу коркунучу жок гана чечүүнү жактап келгендиги жана колдоп келе жаткандыгы баса белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары Борбордук Азия жана Европа Биримдигинин мамлекеттеринин калкына эмдөө жүргүзүүнүн жүрүшү менен таанышып, региондун экономикасын калыбына келтирүү жолдорун талкуулашты.

Европа Биримдиги менен Борбордук Азия ортосундагы диалогтун жыйынында Афганистандан НАТО аскерлеринин чыгып кетишинин регион үчүн мүмкүн болуучу кесепеттери темасы көтөрүлдү. Кыргыз тарабы Европа жана Борбордук Азия мамлекеттеринде аймактык экономикалык жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу Афганистандагы тынчтык жараянынын туруктуулугу боюнча биргелешкен ишти топтоого үндөдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы диалогтун катышуучулары алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларга даярдыкты талкуулашты жана 2021-жылдын ноябрында Бишкекте өтө турган Биринчи Европа Биримдиги - Борбордук Азия Экономикалык форумун өткөрүүгө колдоо жана кызыкчылыктарын билдиришти.

  • 2021-жылдын 1-июлунда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев башында турган делегация Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы саясий жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйынына катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK