Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров «Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн Терроризмге каршы глобалдык стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттер планынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгы» темасына арналган Жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияга катышты

1673

2022-жылдын 3-мартында Ташкент шаарында «Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн Терроризмге каршы глобалдык стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттер планынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгы» темасына арналган Жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция ишин баштады.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жетектеп, делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Альберт Колопов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Башкы прокуратуранын, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун өкүлдөрү кирди.

Иш-чаранын ачылышында министрдин орун басары А.Мадмаров өз сөзүндө терроризм менен экстремизмдин жаңы чакырыктары жана коркунучтары күчөп жатканына байланыштуу дүйнөдөгү кырдаалдын начарлашынан улам конференция актуалдуу болуп, өз убагында өткөрүлүп жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү боюнча улуттук, аймактык жана эл аралык күч-аракеттерди бекемдөө боюнча уникалдуу глобалдык документ болгон БУУнун терроризмге каршы глобалдык стратегиясын мындан ары да натыйжалуу ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бекем умтулуусу, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан БУУнун Борбордук Азия үчүн терроризмге каршы глобалдык стратегиясынын алкагында Биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Борбордук Азия мамлекеттеринин делегацияларынын башчылары, БУУнун ТКБ, ЕККУ жана БУУнун БААДБРБнын жогорку өкүлдөрү бардык кызыкдар тараптардын биргелешкен консолидацияланган аракеттери менен гана терроризм коркунучуна жана зордук-зомбулук экстремизмине ийгиликтүү каршы турууга болот деген пикирде.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясынын өкүлдөрү бул иш-чаранын панелдик сессияларында баяндама жасашат. Анын жыйынтыгында Ташкент декларациясы кабыл алынып, БУУнун Борбордук Азия үчүн терроризмге каршы глобалдык стратегиясынын алкагында жаңыланган Биргелешкен аракеттер планы бекитилет.

Конференцияга Евробиримдиктин, Борбордук жана Түштүк Азиянын, Кытайдын, Россиянын, АКШнын, Жакынкы Чыгыштын жана башка өлкөлөрдүн улуттук жана чет элдик аналитикалык борборлорунун 600дөн ашык бийик даражалуу расмий өкүлдөрү жана эксперттери, эл аралык жана аймактык уюмдардын жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышууда.

Конференция Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы (ТКБ), БУУнун Борбордук Азия үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча регионалдык борбору (БААДБРБ) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык жана аймактык изилдөөлөр институту тарабынан уюштурулду.

  • 2022-жылдын 3-мартында Ташкент шаарында «Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн Терроризмге каршы глобалдык стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттер планынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгы» темасына арналган Жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция ишин баштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK