Маалыматтык билдирүү

1660

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫНЫН ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНА КИРҮҮ ЖАНА ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

АЙМАГЫНДА БОЛУУ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ

Кирүү жалпы эрежелери

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймактарына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана убактылуу болуу тартиби 2006-жылдын 3-октябрында Ташкентте ш. кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ”Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө” макулдашуу менен жөнгө салынат (2007-жылдын 12-февралында күчүнө кирген).

Аталган келишимдин нормаларына ылайык, жарактуу жол жүрүү документтеринин ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандары Өзбекстандын аймагына 60 күнгө чейин визасыз кире, чыга алат, транзит менен жана убактылуу жүрө алат. 60 күндөн ашык болгон учурда Өзбекстан Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык визаларды тариздештирүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын жарандары Өзбекстан Республикасынын аймагында 3 (үч) күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Үч күндөн ашык болгон учурда, майрам жана дем алыш күндөрү (жекшемби) эсептен чыгарылса, анда жашаган жери боюнча (мейманканада же паспорт столунда) убактылуу каттоого туруу зарыл. Ишемби — иш күнү. Үч күндүк мөөнөт келген күндөн кийинки күнү саат 01:00дөн баштап эсептелет.

Жүрүү мөөнөтү Өзбекстан Республикасынын чек арасын кесип өткөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын башкы паспортундагы мөөрү менен ырасталган кирген күндөн тартып эсептелет.

Каттоо Өзбекстандан чыккан күнүнө жарактуу болушу керек. Эгерде каттоо мөөнөтү өтүп кетсе, администрациялык укук бузуу үчүн 5 базалык эсептик бирдиктен (БКВ) кем эмес өлчөмдө айып салынат. 2022-жылдын 6-мартына карата 1 эсептик бирдик = 300 миң өзбек сумун (болжол менен 30 АКШ доллары) түзөт.

Чет өлкөлүк жарандардын Өзбекстанда жүрүү тартиби Өзбекстан Республикасынын 06.04.2021-жылдагы № ЗРУ-692 «Өзбекстан Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө» Мыйзамы менен жөнгө салынат (Мыйзамга шилтеме: https://lex.uz/docs/5443901).

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу Өзбекстан Республикасынын аймагына кирүү талаптары жөнүндө

2022-жылдын 10-июнунан тартып коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча республикалык атайын комиссиянын чечими менен чет өлкөлүк жарандар үчүн бардык коронавирустук чектөөлөр алынды.

Өзбекстанга кирген чет элдиктер ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын, экспресс-тест же эмдөө сертификатын көрсөтпөйт. Республикага учак, поезд, автобус же жеңил унаа менен келген туристтер үчүн чектөөлөр алынган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK