Кыргызстан менен Өзбекстан алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашты

1101

2022-жылдын 4-8-июлуна чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

 Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Булак: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

  • 2022-жылдын 4-8-июлуна чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK