Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргыз Республикасына расмий иш сапары болуп өттү

1103

2022-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргыз Республикасына расмий иш сапары болуп өттү.

Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары абдан мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ишеним көрсөтүү жана салттуу достук маанайда тараптар кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, аларды саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты. Алардын көпчүлүгү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жана эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен макулдашууларга жетишишти. Айрым маселелер боюнча чечүү жолдорун белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамилелер достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн маанайында динамикалуу өнүгүп келе жаткандыгы тууралуу бир пикирде болуп, бир тууган элдердин жалпы тарыхый мурасына, маданиятына, тилдик, руханий салттарына жана баалуулуктарына негизделген өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү ниеттерин белгилешти.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого чоң көңүл бурулду. Министрлер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо менен иш сапардын мазмундуу бөлүгүн иштеп чыгууну активдештирүүнү макулдашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлеринин Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышты.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри В.И.Норовду кабыл алды.

  • 2022-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргыз Республикасына расмий иш сапары болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK