Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосун уюштуруу боюнча иштердин алкагындагы өткөрүлгөн жолугушуу тууралуу

4619

2020-жылдын 4-октябрына белгиленген, алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосун уюштуруу боюнча Элчилик тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин алдында түзүлгөн участоктук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү боюнча Элчиликте шайлоочулардын (Кыргыз Республикасынын жарандары) отуруму болуп өттү. Талкулоонун жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Өзбекстанда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө көрсөтүлдү.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилигиндеги шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесин түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Эскертсек, Элчиликте консулдук каттоосу бар жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликтеги шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Кыргыз Республикасынын жарандары 2020-жылдын 15-июлунан тартып www.tizme.gov.kg сайтында шайлоочулардын алдын ала тизмеси менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK