Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюлду

3302

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын Ташкент шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюлду. 

«Тараптар узундугу 94,5 км келген кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү чегин сүрөттөө долбоорун  макулдашты жана бекитти. Ошондой эле макулдашылбаган 10 тилкенини бири макулдашылып жана бекитилди. Өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмелери конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго: топографиялык жумушчу топтун жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын протоколуна кол коюлду. Тараптар коңшу элибизди тынчсыздандырган чек ара маселесин чечүү максатында жумушчу топтордун ишин активдештирүүнү макулдашты. Үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре жумушчу жолугушуулардын графигинин планы бекитилди. Алар ай сайын өткөрүлмөкчү», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Борубаев. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын башчысы, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өткөн сүйлөшүү процессинин жемиштүүлүгүн белгледи. 

Ал белгилегендей, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер, ошондой эле чек ара маселелер жыйындысын чечүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат. 

  • Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын Ташкент шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK