Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын көзөмөлдүк тизмеси

4476

Өзбекстан Республикасынын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн, 2020-жылдын 19-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилигинин - УШК 9025 шайлоочуларынын тизмесине кириш керек.

Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн төмөнкүлөр керек:

1. Мурда биометрикалык маалыматтарын тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоодон өтүү жетиштүү болот. Консулдук каттоого туруу үчүн - консулдук каттоо баракчасын толтуруп, жарактуу мөөнөтү менен Кыргыз Республикасынын паспортун тапшырышыңыз керек.

2. Эгерде жаран буга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек болсо, анда иш күндөрү элчиликке келип, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук эсепке туруу керек.

Биометрикалык маалыматтарды тапшырбаса жана консулдук каттоого турбаса, жаран алдыдагы шайлоодо добуш бере албайт!

Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн tizme.gov.kg сайтынан текшере алышат.

Шайлоонун акыркы тизмеси 2020-жылдын 27-сентябрында жарыяланат.

Шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинин имаратында өтөт: Ташкент шаары, Мирзо-Улугбек району, Ниёзбек йули 6 өткөөл көчөсү, 30 үй.

Кыргыз Республикасынын жарандарында суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин жооптуу кызматкерине  төмөнкү байланыштар менен кайрылууну сунуштайбыз: +998909012982,  тексттик билдирүүлөр үчүн +998909012982 «Telegram» жана +996550978558 «WhatsApp». Жумуш телефону: +998712398613.

Көзөмөлдүк тизме

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK