Консулдук каттоого туруу жөнүндө

4531

19-сентябрга чейин чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандары консулдук учетко туруу зарыл. Бул жол-жобо КРнын Жогорку Кеңешине шайлоого катышуу үчүн зарыл.

Бүгүн туруктуу консулдук учетко туруу үчүн керектүү документтер жөнүндө айтып беребиз.

Төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

а) белгиленген формадагы толтурулган каттоо карточкасын эки үлгүдө (аны консулдуктун же элчиликтин өзүнөн алууга болот);

б) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана анын көчүрмөсү;

в) 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.

г) «Каттоо учетунан чыккан» деген штампы менен чыгып кетүү боюнча даректик баракчасы жана келген мамлекетте туруктуу жашоого укук берген документ керек, алардын көчүрмөлөрүн тиркөө керек.

Эскертебиз, бул жол-жобо акысыз, консулдук учетко туруу үчүн жыйымдар жоюлган.

Жогорку Кеңешке Шайлоодо сиздин добушуңуз мамлекетибизге керек!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK