2020-жылдын 4-октябрында КР ЖК депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми

3967

Ушул алгоритм 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча сунуштарды ѳзүнѳ камтыйт.

Алгоритм Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тобокелчиликти алдын алуу максатында, депутаттарды шайлоону уюштуруу жана ѳткѳрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Алгоритм шайлоо комиссияларына карата шайлоочулардын тизмеси менен иштѳѳ, добуш берүү алдындагы күнү жана добуш берүү күнү иш процессин уюштуруу боюнча бир катар талаптарды,  саясий партияларга карата съезддерде талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү мезгилинде жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдѳ бир катар талаптарды, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ишине кѳмѳктѳшүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына карата бир катар талаптарды ѳзүнѳ камтыйт.

Дезинфекциялоо каражаттарын, коргоочу бет каптарды, бир жолку кол каптарды пайдалануу, башка адамдардан 1,5-2 м социалдык аралыктарды сактоо, кол кармашып учурашуу жана башка тике контакттардан качуу, биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча шайлоочулардын идентификациялоодон ѳткѳн учурларын кошпогондо, шайлоо процессинин бардык стадияларында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн милдеттүү шарттар болуп саналат.

Участкалык шайлоо комиссияларынын иши;

Саясий партиялардын съезддеринде КР ЖКнын депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү;

шайлоо алдындагы үгүт иштери;

добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү;

Добуш берүү күнү;

шайлоочуларга сунуштар.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK