Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри А.Н.Арипов менен жолугушуусу жөнүндө

3167

2020-жылдын 5-ноябрында, Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов кабыл алды.
Р.Казакбаев Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а., Премьер-министри Садыр Жапаровдун атынан саламын айтты. Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилиги билдиргендей, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри, достук мамиледеги мамлекеттин Өкмөт башчысы катары, Кыргызстан үчүн оор мезгилде, биринчилерден болуп Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна шайланышы менен куттуктаганын баса белгиледи. Бул кадам Кыргызстанда боордош элдин жылуу мамилеси катары кабыл алынган.
Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, кыргыз тарап өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин жана мурда кол коюлган эл аралык келишимдерди так аткарууну толугу менен сактайт деп ишендирди. Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өзбекстандын Өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а., Премьер-министри Садыр Жапаровго урматтоо сөздөрүн жана жакшы каалоолорун айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык тармактарда, ошондой эле транспорт жаатында кыргыз-өзбек өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык спектрин талкуулашты. COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип күрөшүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун жана чек ара аймактарында соода-логистикалык борборлорун куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун, ошондой эле гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
А.Арипов өзбек тараптын Кыргызстанга алдыдагы реформаларды жүргүзүүдө, Кыргыз Республикасынын экономикасын, анын ичинде COVID-19га каршы күрөшүүдө, каржылык, техникалык жана азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Мындан тышкары, өзбек тарап Кыргызстанда ден-соолукту чыңдоочу мекеме курууга даяр экендигин билдирди. 2017-жылдын 13-декабрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушууда салттуу коңшулук жана достук байланыштарына негизделген кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн ар тараптуу динамикалуу өнүгүүсү канааттануу менен белгиленди.
Жумушчу иш сапарынын алкагында Р.Казакбаев Ташкент шаарындагы  Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун барельефине гүл койду.

  • 2020-жылдын 5-ноябрында, Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов кабыл алды.
  • 2020-жылдын 5-ноябрында, Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов кабыл алды.
  • 2020-жылдын 5-ноябрында, Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов кабыл алды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK