Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

3859

14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн эки жана көп тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштө Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстан башчысына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.
Кыргызстан үчүн оор мезгилде өзбек тарап дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар, медициналык жабдыктар жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жибергенин белгилеп өттү.
Жыйынтыгында Президенттин м. а. Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

  • 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн эки жана көп тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштө Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстан башчысына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстан үчүн оор мезгилде өзбек тарап дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар, медициналык жабдыктар жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жибергенин белгилеп өттү.

Жыйынтыгында Президенттин м. а. Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK