Ош шаарында Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн азык-түлүк жардамын өткөрүп берүү аземи болуп өттү

3069

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларга ылайык, 2020-жылдын 17-ноябрында Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин демилгеси менен өлкөдө коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына азык-түлүк жардамын (3 000 тонна буудай) өткөрүп берүү аземи болуп өттү.
Өзбек тарабы темир жол аркылуу азык-түлүк жардамын Ош шаарынын станциясына жеткирип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовго тапшырды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун, “Кыргыз темир жолу” УК мамлекеттик ишканасынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдарынын өкүлдөрү жана ЖМКлар катышты.
Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кадамжай районунда 400 орундуу өзбек тарабынан курула турган эки инфекциялык оорукана үчүн Кыргызстанга модулдук конструкцияларды жеткирүү күтүлүүдө.
Тапшыруу аземинин жүрүшүндө кыргыз тарабы Кыргызстанда коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө кезектеги жардамы үчүн Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевге жана бүтүндөй Өзбекстан элине чын дилинен ыраазычылыгын билдирди.

  • Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларга ылайык, 2020-жылдын 17-ноябрында Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин демилгеси менен өлкөдө коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына азык-түлүк жардамын (3 000 тонна буудай) өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK