Өзбек тарабы Кызыл-Кыя шаарынын станциясына Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында жугуштуу оорулар ооруканасын куруу үчүн модулдук курулмаларды жеткирип берди

3974

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну улантып, 2020-жылдын 18-ноябрында өзбек тарабы Кызыл-Кыя шаарынын станциясына Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасын куруу үчүн модулдук курулмаларды жеткирип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Жалаловго өткөрүп берди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “Кыргыз темир жолу” УК ”мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык органдарынын өкүлдөрү жана ЖМКлар катышты.
2020-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарындагы станцияга 200 орундуу экинчи жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу үчүн Кыргызстанга модулдук конструкцияларды жеткирүү күтүлүүдө.
2020-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а., Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү, ошондой эле 2020-жылдын 4-7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Өзбекстан Республикасына жумушчу иш сапары болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK