Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо-2021ди (2021-ж. 28-ноябры) чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык билдирүүсү

2817

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо-2021ди чагылдырууга катышуу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо башталды.

Шайлоону чагылдырууга катышууну каалаган чет элдик ЖМКлардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаменттинин press@mfa.gov.kg электрондук почтасына «Шайлоо 2021» деген белги менен төмөндө көрсөтүлгөн документтердин тизмесин жөнөтүүсү зарыл.

Тизме:

  • Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисинин кол тамгасы менен жалпыга маалымдоо каражатынын расмий бланкына жазылган кат (жөнөтүлүп жаткан кабарчылардын, техникалык кызматкерлердин аты-жөнү, аккредитациялоо мөөнөтү жана максаты);
  • Көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаты жөнүндө маалымат;
  • Толтурулган анкета формасы (Анкета);
  • Паспорттун сканирленген көчүрмөсү;
  • Электрондук даректи көрсөтүү менен өмүрбаяны же резюме;
  • Электрондук түрдөгү 3х4 форматындагы сүрөт.

Аталган документтердин топтомун 2021-жылдын 1-ноябрына чейин жөнөтүү зарыл.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин алынган билдирмелер кабыл алынбайт.

Билдирмени жөнөтүү автоматтык түрдө аккредитация алуу дегенди билдирбейт.

Кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Министрлик тарабынан журналисттерди аккредитациялоо же болбосо аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аккредитациялангандыгы жөнүндө тастыктоо алгандан кийин, журналист аккредитацияланган болуп саналат жана жогоруда белгиленген иш-чарагны чагылдырууга катышса болот.

Чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоо боюнча кошумча маалымат алуу үчүн +996312626559 телефону аркылуу (КР ТИМинин Маалымат департаменти), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына +996 312 66-54-52 телефон боюнча  кайрылууга болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK