Маалыматтык билдирүү
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын курмандыгы болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү иретинде 2021-жылдын 1-2-майын жалпы улуттук аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде аза күтүү китеби ачылды.
Көңүл айтуу китебине жазууларды Элчиликтин Ташкент шаарындагы дареги: Ниёзбек йули, 30 көч. 6-өтмөк боюнча төмөнкү күндөрү калтырса болот:
-2021-жылдын 1-майы, ишемби саат 11.00 дөн 17.00 гө чейин;
-2021-жылдын 2-майы, жекшемби саат 10.00 дөн 13.00 гө чейин;
-2021-жылдын 3-майы, дүйшөмбү саат 10.00 дөн 17.00 гө чейин.
Көңүл айтуу билдирүүлөрү Элчиликтин электрондук кутучасына да кабыл алынат.
Курман болгондорго аза күтүү иретинде Элчиликтин имаратында мамлекеттик желектер түшүрүлүп, маданий жана майрамдык иш-чаралар токтотулган.