Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин жана Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиевдин деңгээлинде видеоконференция форматында сүйлөшүүлөр өткөрүлдү

2764

2021-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин жана Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиевдин деңгээлинде эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны инвентаризациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр видеоконференция форматында өткөрүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Өзбекстан Республикасына боло турган расмий иш сапарын даярдоого, анын мазмунун толтурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри А.Камиловдун Кыргыз Республикасына боло турган иш сапарын уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министрлердин орун басарлары актуалдуу багыттар жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашып, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдар боюнча маселелерди талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK