Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинде уюштурулган шайлоо участкасында добуш берүү аяктады
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде ачылган № 9025 шайлоо участкасында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумуна добуш берүү аяктады.
Добуш берүүгө Элчиликтин каттоосунда турган Кыргыз Республикасынын жарандары катышты.
Добуш берүү санитардык коопсуздукту сактоо менен уюштурулду.