Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Ооганстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Раббани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

3828

2019-жылдын 13-мартында Самарканд шаарында "Индия - Борбор Азия" маегинин биринчи жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистри Ч.Айдарбеков Ооганстандын тышкы иштер министри С.Раббани менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын бир катар маселелерин, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ооганстандын Кичи Памир аймагында жайгашкан этникалык кыргыздарга өзгөчө көңүл буруп биргелешкен колдоо көрсөтүү талкууланды.

 

  • Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Ооганстан Республикасынын Тышкыиштер министри С.Раббани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK