Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов 2019-жылдын 12-апрелинде Ишеним грамотасын Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге тапшырды.

3318

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов 2019-жылдын
12-апрелинде Ишеним грамотасын Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге тапшырды.

Президент Ш.Мирзиёев өз сөзүндө, акыркы убакта кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүктү интенсивдүү өнүктүрүүдө, парламенттер аралык мамилелерди түзүүдө, соода-экономикалык кызматташтыкта, маданий-гуманитардык алмашууну жакшыртууда, аймактар аралык байланыштар механизимин ишке киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков менен ачык жана ишенимдүү диалогтун үстүндө үзүрлүү иш алып бараткандыгы жөнүндө өзгөчө белгилеп кетти.

Президент Ш.Мирзиёев И.Джунусовдун бай тажрыйбасын айтып, анын Өзбек элинде таанымалдыгын белгилеп, мындан ары да Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамилелерди бекемдеп жана жаңы терең маанилүү иш аракеттери менен толтурарына ишеним билдирди. Жооптуу дипломатиялык миссиясын жүзөгө ашырууда ага ийгиликтерди каалады.

 

  • Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов 2019-жылдын 
12-апрелинде Ишеним грамотасын Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK