Маалыматтык билдирүү

2045

Өзүңүздөр билгендей, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү күнү болуп белгиленген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде № 9025 шайлоо участогу уюштурулган.

Ушуга байланыштуу Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын Ташкенттеги № 9025 шайлоо участкасындагы 2021-жылдын 28-ноябрында саат 08:00 тартып 20:00 чейин боло турган шайлоого катышууга жана жарандык активдʏʏ позицияны көрсөтʏʏгө чакырат.

Шайлоочулар www.tizme.gov.kg сайтындагы же «Тизме» мамлекеттик порталындагы шайлоо участкаларынын тизмесинен өздөрүн текшерип алса болот.

2021-жылдын 28-ноябрында – Шайлоо кʏнʏ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-картаны) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун ала келʏʏ керек.

Кыргыз Республикасынын жарандарында шайлоо укугун ишке ашыруу жөнүндө суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин жооптуу кызматкерине төмөнкү байланыштар менен кайрылууну сунуштайбыз: +998909012982, тексттик билдирүүлөр үчүн +998909012982 «Telegram» жана +996550978558 «WhatsApp». Жумуш телефону: +998712398613.

  • Өзүңүздөр билгендей, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү күнү болуп белгиленген.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде № 9025 шайлоо участогу уюштурулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK