2019-жылдын18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусовдун Борбордук Азияда баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Аймактык өкүлү Ашита Миттал менен жолугушуусу болуп өттү.

3880

Жолугушууда А.Миттал Ташкент шаарында жайгашкан Аймактык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү жана БУУ БКБнын жакынкы аралыкта  уюштурулуучу ири эл аралык иш чаралары тууралу маалымат берди жана Элчини баңги заттарды контролдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумдун тараптарынын 2019-жылдын 2-3-майында өтө турган Он биринчи жолугушуусуна чакырды.

И.Джунусов чакырууга ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасы БУУ БКБ менен кызматташууга зор маани берээрин жана биздин өлкөдө биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жогору баалаарын белгиледи.

Тараптар ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жана БУУ БКБнун Аймактык өкүлчүлүгүнүн ортосундагы андан аркы өз ара кызматташуусу тууралу маселелерин талкулашты. И.Джунусов Элчилик Кыргыз Республикасы менен БУУ БКБнын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган Аймактык өкүлчүлүк менен болгон жигердүү кызматташуусу мындан ары дагы улана берет деп ишендирди.

А.Миттал И.Джунусовду БУУ БКБнун Аймактык өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү менен толук таанышуусу үчүн, өкүлчүлүктүн офисине келип кетүүгө чакырды.

  • 2019-жылдын18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусовдун Борбордук Азияда баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Аймактык өкүлү Ашита Миттал менен жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK