Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси М.Джаманбаев Ташкенттеги Эл аралык Борбор Азия институтунда болду

1841

2022-жылдын 29-апрелинде Ташкент шаарындагы Эл аралык Борбордук Азия институтуна баруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев институттун жетекчиси Анвар Насиров менен жолугушту.

Жолугушуунун башында А.Насиров Эл аралык институттун иш багыттарына жана 2021-2022-жылдары өткөрүлгөн иш-чараларга кыскача токтолуп, үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстанга баруу пландары тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, Элчи М.Джаманбаев Эл аралык институттун аймактагы учурдагы саясий жана социалдык-экономикалык процесстерди изилдөө, келечектүү долбоорлорду иштеп чыгуу жана өз ара пайдалуу аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча жемиштүү ишмердүүлүгүн белгиледи.

Ушуга байланыштуу Элчи М. Джаманбаев бүгүнкү күндө Борбордук Азия өлкөлөрдөгү учурдагы  тышкы саясаттын, ички саясий жана социалдык-экономикалык процесстердин негизги тенденцияларын изилдөө өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Кыргызстан тарыхый байланыштарга жана маданияттардын жакындыгына негизделген аймактык мамилелерди өнүктүрүүнү жактай тургандыгы, жакынкы коңшу мамлекеттер менен бардык тармактарда кызматташууну мындан ары да бекемдөө өлкөбүздүн тышкы саясатынын приоритети экендиги баса белгиленди.

А.Насировдун Кыргызстанга пландалган иш сапарына байланыштуу, Элчи М.Джаманбаев Кыргызстандын эксперттери жана өнөктөштөрү менен тыгыз байланыш түзүү үчүн анын сапарын уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулашып, эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда Элчи М.Джаманбаев Эл аралык институттун ишмердүүлүгү менен таанышып, анын музейин жана китепканасын көрдү.

  • 2022-жылдын 29-апрелинде Ташкент шаарындагы Эл аралык Борбордук Азия институтуна баруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев институттун жетекчиси Анвар Насиров менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK