Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-өзбек экономикалык мамилелерин активдештирүүнүн алкагында ӨКӨФ менен тыгыз кызматташууга даяр

1346

2022-жылы 5-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ӨКӨФ менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулап, Фонддун келечектеги пландары жана анын ишмердүүлүгүн кеңейтүү перспективалары боюнча пикир алмашышты.

Фонддун Башкармалыгынын төрагасы А.Аалиев Фонддун негизги миссиясы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо аркылуу эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу деп билдирди. Ошондой эле ал Фонддун учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат менен бөлүшүп, бүгүнкү күндө Фонддун кароосуна логистика, айыл чарба, жүргүнчүлөрдү ташуу ж.б. жаатындагы долбоорлор келип түшкөндүгүн билдирди.

Өз кезегинде Министрдин орун басары А.Артыкбаев, ТИМ Фонддун ишмердүүлүгүнө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, кыргыз-өзбек ишкерлери арасындагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана кошумча нарк чынжырларын түзгөн өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демилгелерин колдой тургандыгын кабарлады.

Мындан тышкары, А.Артыкбаев фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калктын жашоо-турмушун жакшыртат деген үмүтүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2021-жылдын 11-мартындагы Келиишимине ылайык түзүлүп иштеп жатат (Келишим 2021-жылдын 18-августунда ратификацияланган).

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK