КРнын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Ташкент шаарында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

1027

2022-жылы 29-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Ташкент шаарында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Жыйында ШКУнун Самарканд саммитинин (ү.ж.15-16-сентябры) даярдоо, анын күн тартиби, уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле актуалдуу глобалдык жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда .

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы алдыда боло турган иш-чаранын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK