Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыштар, чет элдик инвестициялар жана туризм боюнча комитетинин төрагасы Равшанбек Алимов менен жолугушту

977

2022-жылы 30-августта Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаевдин Сенаттын Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыштар, чет элдик инвестициялар жана туризм боюнча комитетинин төрагасы Равшанбек Алимов менен жолугушуусу болду.

Диалогдун жүрүшүндө акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөндүгү канааттануу менен белгиленди. Кыргызстандын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылы Өзбекстанга болгон иш сапары эки өлкөнүн масштабдуу кызматташуусуна бекем негиз түздү.

Ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелеринин абалы жана өнүгүү перспективалары, Өзбекстандын башчысынын Кыргызстанга боло турган иш сапары, эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле көп тараптуу парламенттик түзүмдөрдүн алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Элчи М.Жаманбаев эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде жигердүү байланыштарды улантууга жана Кыргызстан менен Өзбекстандын парламент башчыларынын расмий сапарларын алмашуу практикасын улантууга чоң кызыгууну белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйынынын натыйжалуулугун камсыз кылуунун, эки өлкөнүн парламенттеринин комитеттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү келишимдерди иш жүзүндө ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча парламенттердин эл аралык мамилелер комитеттеринин, ошондой эле түздөн-түз региондор аралык байланыштарды, анын ичинде чек арага жакын аймактардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын жемиштүү байланыштарын активдештирүүсү талкууланды.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан ар кандай инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө, Камбар-Ата ГЭС-1ди, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун биргелешип курууга жана ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өнөр-жай кооперациясын кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

  • 2022-жылы 30-августта Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаевдин Сенаттын Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыштар, чет элдик инвестициялар жана туризм боюнча комитетинин төрагасы Равшанбек Алимов менен жолугушуусу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK