Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен ««Кыргыз темир жолу» УК» Мамлекеттик ишканасы жана «Узбекистон темир йуллари» АК 2019-жылдын 6-июнунда саат 20.50 (ташкент убактысы) «Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Бишкек-Ташкент» маршрутундагы темир жол жүргүнчү каттамын баштоону пландаштырып жатышат.

6333

Транспорттук логистикада жагымдуу шарттарды түзүп берүү жолу менен туристтерди эки тараптуу андан ары көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен ««Кыргыз темир жолу» УК» Мамлекеттик ишканасы жана «Узбекистон темир йуллари» АК 2019-жылдын 6-июнунда саат 20.50 (ташкент убактысы) «Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Бишкек-Ташкент» маршрутундагы темир жол жүргүнчү каттамын баштоону пландаштырып жатышат.

Поезд Балыкчы ш. 7-июньда саат 23.29 (бишкек убактысы) келет. Кайтуу багытында поезд 8-июньда саат 04.59 (бишкек убактысы) жөнөп, Ташкент ш. 9-июньда эртең мененки саат 05.00 (ташкент убактысы) келет.

Поезд жумасына бир жолу жүрүүнү пландаштырууда. Ал Ташкент ш. бейшембиде чыгып, Балыкчы ш. жума күнү келет. Балыкчыдан ишембиде чыгып, Ташкент ш. жекшемби күнү кайтат. Жолдо жүрүү убактысы 25 саат 39 мин.

Азыркы учурда, Өзбекстан Республикасынын темир жол вокзалдарынын кассаларында билеттерди сатуу башталды. Бир тарапка болгон билеттин баасы: плацкартка - 350 миң. сум ($41), купеге – 440 миң. сум ($52) жана люкс вагонуна – 760 миң. сумду ($90) түздү. Кайтуу тарапка алына турган билеттин баасы өзгөрбөйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK