Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин басма сөз катчысы Стефан Дюжарриктин билдирүүсү боюнча пресс-релизи
Башкы катчы кыргыз-тажик чек арасындагы зордук-зомбулук күчөшүнө тынчсыздануу менен байкап турат. Ал каза болгондорго жана алардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Башкы катчы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жетекчилигин ок атышууну туруктуу токтотуу үчүн диалогго чакырат. Эки тарап тең чыңалууну басаңдатуу үчүн жер-жерлерде болгон механизмдерден толук пайдалануулары керек.
Бириккен Улуттар Уюму тараптардын өтүнүчү боюнча чек ара талаштарын туруктуу чечүү жолдорун табууга жардам берүүгө даяр.
Стефан Дюжаррик, Башкы катчынын басма сөз катчысы