Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев Джизак облусунун Дустлик районундагы Манас айылына иш сапары менен барды

1306

2022-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев кыргыз улутунун өкүлдөрү басымдуулук кылган Джизак облусунун Дустлик районундагы Манас айылына иш сапары менен барды.

Иш сапардын жүрүшүндө Элчи М. Джаманбаевди Джизак облусунун Дустлик районунун акими Шавкат Дарвишев жана айылдын башчысы Жалил Кенжаев коштоп жүрүштү. Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын абалы, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки өлкөнүн региондору менен облустары ортосундагы байланыштарды чыңдоо боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле Элчи М. Джаманбаев Маданият үйүндө болуп, тигүү цехинин, үй-бүлөөлүк поликлиниканын жана башка объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары, Элчинин №5 орто мектебинин окуучулары жана мугалимдер жамааты, Манас айылынын аксакалдары менен баарлашуусу болуп, анын жүрүшүндө М. Джаманбаев элдердин достугун чыңдоо максатында ишке ашырылып жаткан эки тараптуу иш-чараларга токтолуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Айылга Манастын эстелигин тургузуу пландары менен бөлүшүп, 2019-жылы «Элдик көркөм чыгармачылык жамааты» наамына ээ болгон «Маржан» көркөм ыр жана бий ансамблинин чыгармачылык ишмердүүлүгүнө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

  • 2022-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев кыргыз улутунун өкүлдөрү басымдуулук кылган Джизак облусунун Дустлик районундагы Манас айылына иш сапары менен барды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK